Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-cентябры № XV /2
Терек айыл аймагына ат оюндарын ѳткѳрүүчү жай курууга жер аянтын категориядан категорияга которуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айылынын күн чыгыш тарабындагы сайдын жээгиндеги жайыт жеринин маданий- спорттук эс алуучу жай куруу үчүн категориядан категорияга которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ажиева |