Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-cентябры № XV/3
Айылды инвестициялоо үчүнчү долбоорунун сынагына катышуу жѳнүндѳ
Терек айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековдун билидирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек айылдык Кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылды инвестициялоо үчүнчү долбооруна ири долбоор катары “Айыл аймактын ички кѳчѳлѳрүн оңдоо” долбоору, чакан долбоорго “Бала бакчага оюн аянтча куруу” долбоору конкурска катышууга сунушталсын.
2. Долбоордун талабына ылайык 3,75 % кем эмес салымды жергиликтүү бюджеттен берүүгѳ кепилдик берилсин жана долбоордун туруктуулугу камсыз кылынсын.
3. Сынакка катышууга керектүү документтерди даярдоо жагы айыл ѳкмѳт башчы С.Мыктыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Ажиева |