Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № XVI/8
Таза сууга болгон тарифти бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык жана Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата таза сууга жан башына айына 20 сомдон алынсын.
2. Айыл ичинде убактылуу үй-бүлѳѳсү менен сыртта жашаган 476 адам таза сууга болгон тѳлѳмдѳн бошотулсун.
3. Короосунан суу чыккан үйлѳр айына 70 сомдон кошумча тѳлѳсүн.
4. Мончосу бар үйлѳр суу пайдалангандыгы үчүн кошумча айына 300 сомдон тѳлѳсүн.
5. Айылдан сырткары сарайда жашаган үй-бүлѳѳлѳр Чотурова Айнагүл, Дыйканбаев Карыпбек, Молдогазиева Калбү, Токтогулов Максат, Каналиев Токтонаалы, Нусупов Токтонаалы,Нусупов Тыныбек, Абдраимов Эдилбек, Токтогулов Максат жана Абдыкадырова Марипа жалпы 33 адам алты айлык сууга болгон тѳлѳмдѳн бошотулсун.
6. ИСКАКБда иштеген кызматкерлер жан башына тѳлѳнүүчү сууга болгон тѳлѳмдѳн толугу менен бошотулсун.
7. Эскватор-трактордун иштѳѳ акысы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
- Үйлѳргѳ суу киргизүү метрине - 200 сом
- кум, шагыл жүктѳѳ ЗИЛге – 250 сом, Камазга -600 сом
- арык казуу метри - 15 сом,
- туалет казуу - 800 сом
- планировка жасоо саатына - 500 сом.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Талгат- Кожо - Арык” ИСКАКБсынын төрагасы А.Токтомуратовго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Мыктыбековго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ажиева |