Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 1
Айылдык кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 25.11.2013-жылдагы №01-24/65 сандуу буйругу менен бекитилген “Айылдык Кенештин типтүү регламентине” ылайык, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 25.11.2013-жылдагы №01-24/65 сандуу буйругу менен бекитилген “Айылдык Кенештин типтүү регламентине” ылайык бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ишмердигин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына жана ушул Типтүү регламентке ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кудайкуловго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |