Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 2
Айылдык кеңештин иш планын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2.Түзүлгөн иш планга ылайык сессияга өз убагында материал даярдоо жагы туруктуу комитеттерге эскертилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Кудайкуловго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |