Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 5
Жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштерине баа берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштерин карап чыгып талкуулап жана жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы,өнөр жай,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |