Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 6
2017-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт: Жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү № 1-тиркеменин негизинде 2017-жылга карата 53738,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2017-жылга карата 53738,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Эн биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүлөргө жана коммуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак -ашына, сапар чыгымдарына жумшалаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекстин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1% же 537,4 мин сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн. Ошондой эле ушул мыйзамдын 110-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык айыл аймагынын бюджетинин кассалык накталай жүгүртүлүүчү акча каражатынын көлөмү жыл башына карата 556,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2017-жылдын 1-январына карата калган 2026,5 миң сом акча каражаты №3 тиркеменин негизинде жумшалары белгиленсин.
5. Каныш-Кыя айыл аймагынын атайын каражат эсебинде 2016-жылдын 1-январына карата калган 410,3 сом акча каражаты №4 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
6. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 2018-жылга 56653,5 мин сом, 2019-жылга 60173,5 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө бюджеттик мекеме- уюмдардын жетекчилерине белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин
Төрага | Ж. Бегалиев |