Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 7
Аймактын социалдык- экономикалык программасын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Каныш-Кыя айыл аймагынын 2017-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2017-жылга карата түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Программага киргизилген иштерди өз убагында аткарууда айыл аймагынын кызматкерлери менен айылдык Кеңештин тиешелүүлүгүнө карата туруктуу комитеттери тыгыз байланышта иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |