Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 8
Жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Жайыт Комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн сметасын,мал башына төлөнүүчү тарифтерин,штаттык бирдигин жана пайдаланууга 22000 га жайыт аянтын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Камчыбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн сметасы, мал башына төлөнүүчү тарифтери,штаттык бирдиги жана пайдаланууга 22000 га жайыт аянты (№1,2,3,4,5) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Камчыбековго милдеттендирилип,көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |