Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 9
Ветеринардык врач жана участкалык инспектор штатын киргизүү жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн түзүмүнө 2017-жылга карата ветеринардык врач жана участкалык инспектор штатын контрактын негизинде алууга, айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт:Жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-кыя айылдык Кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн түзүмүнө 2017-жылга карата ветеринардык врач жана участкалык инспектор штаттын контрактын негизинде алууга, айыл аймагынын финансы-экономика бөлумүнүн башчысы К.Темирбековдун билдируусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн түзүмүнө 2017-жылга карата ветеринардык врач жана участкалык инспектор штатын контрактын негизинде алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |