Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты №1
Ветеринардык кызмат көрсөтүүнун жана идентификациялык каттоодон өткөрүү кызматынын жумуш акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы,Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда 2017-жылга карата жеке ветеринардык кызматкерлердин ветеринардык кызмат көрсөтүүдөн алынуучу акча каражатынын баасынын өлчөмүн жана идентификациялык каттоодон өткөрүүдө аткарылган жумушка акы төлөө боюнча бааларды бекитип берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык вет.сервисинин башчысы Э.Кубатбековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда 2017-жылга карата жеке ветеринардык кызматкерлердин ветеринардык кызмат көрсөтүүдөн алынуучу акча каражатынын баасынын өлчөмүн жана идентификациялык каттоодон өткөрүүдө аткарылган жумушка акы төлөө боюнча бааларды бекитип берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык вет.сервисинин башчысы Э.Кубатбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда 2017-жылга карата жеке ветеринардык кызматкерлердин кызмат көрсотүүдөн алынуучу акча каражатынын баасынын өлчомү идентификациялык каттоодон өткөрүүдо аткарылган жумушка акы төлөө боюнча баасы (№ 1,2,3,4) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя вет.сервистин башчысы Э.Кубатбековго милдеттендирилип,көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |