Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 1
Муниципалдык обьектилерге кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын, мектептердин жана башка муниципалдык менчиктеги обьектилерге кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын, мектептердин жана башка муниципиалдык менчиктеги обьектилерге кошумча 1301,6 мин сом акча каражаты № 1 тиркемеге ылайык жумшоого уруксат берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнун башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |