Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 2
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтү Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 319-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык 2016-жылдын 1-июлунан тарта кошумча нарк салыгын төлөгөн ишканалар сатуу салыгынан бошотулгандыктан, 2016-жылга сатуу салыгынын планы аткарылбай калгандыктан, мамлекет 2016-жылдын 4 кварталы үчүн аткарылбай калган сатуу салыгынын ордун толтуруу иретинде которуп берилген 2874,7 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу “Наристе” бала бакчасынын имаратын капиталдык ондоодон өткөрүүдө стимулирующий грантка даярдалган долбоордун негизинде өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылануучу 2725,7 миң сом акча каражаты жана башкаруу аппаратынын ар кандай чыгымдар беренесине 122,0 миң сом акча каражатын жумшоого уруксат берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнүн башчысы К.Темирбеков милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |