Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 3
Чаткал айыл өкмөтунө ссуда катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтү Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун 23.03.2017-жылдагы №138 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 12-бөлүмүнүн 57-беренесинин 1 пунктунун негизинде Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине ссуда катары 100 000 (бир жуз миң) сом акча каражатын 6 айга кайтарым мөөнөтү менен айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтү Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун 23.03.2017-жылдагы №138 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 12 бөлүмүнүн 57 беренесинин 1 пунктунун негизинде Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине ссуда катары 100 000 (бир жүз мин) сом акча каражатын 6 айга кайтарым мөөнөтү менен башкаруу аппаратынын ар кандай чыгымдар беренесинен берүүгө уруксат берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнун башчысы К.Темирбеков милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |