Редакцияот 04.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 4-апрели № 4

Таза суунун төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы таза суунун тарифин бекитип берүү жөнүндөгү айыл Өкмөтүнүн коммуналдык чарбанын башкы инженери Э.Кошбаев кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн коммуналдык чарбасынын башкы инженери Э.Кошбаевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылындагы таза суунун тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин жана тарифтин негизинде тиешелүү мекемелер менен иш алып баруу жагы коммуналдык чарбанын кызматкерлерине милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев