Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 6
Каныш-Кыя айылынын Кайың-Суу участкасына бала бакча салууга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын Кайын-Суу участкасына бала бакча салууга 10745,0 миң сом акча каражатынан 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен 8596,0 мин сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын Кайын-Суу участкасына бала бакча салууга 10745,0 миң сом акча каражатынан 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен 8596,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын Кайын-Суу участкасына бала бакча салууга 10745,0 миң сом акча каражатынан 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен 8596,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |