Редакцияот 04.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 4-апрели № 12

Башкы-Терек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө каражат бөлүп берүү жөнүндө

Башкы-Терек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 695,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Башкы-Терек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ондоодон өткөрүүгө 695,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.

2. Башкы-Терек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 695,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев