Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 16
Чакмак-Суу айылына таза суу чыгаруу боюнча долбоорунун өздүк салымы үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылына 2016-жылы бүткүл дүйнөлүк Азык -түлүк программасынын негизинде таза суу чыгарууда өздүк салымы үчүн 299,9 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылына 2016-жылы Бүткүл дүйнөлук Азык-түлук программасынын негизинде таза суу чыгарууда өздүк салымы үчүн 299,9 мин сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылына 2016-жылы бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын негизинде таза суу чыгарууда өздүк салымы үчүн 299,9 мин сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |