Редакцияот 04.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 4-апрели № 18

“Арзуу” бала бакчасына долбоордун негизинде каражат бөлүп берүү жөнүндө

Коргон-Сай айылындагы “Арзуу” балдар бакчасынын айланасын королоого, балдар ойноочу жайын жана балдарга ынгайлуу шарт түзүүгө керектелуучу курулуштарды курууга 2726,7 мин сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коргон-Сай айылындагы “Арзуу” балдар бакчасынын айланасын королоого, балдар ойноочу жайын, балдарга ыңгайлуу шарт түзүүгө керектелүүчү курулуштарды куруу үчүн 2726,7 мин сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүп берүү үчүн айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин билдируусу эске алынсын.

2. Коргон-Сай айылындагы “Арзуу” балдар бакчасынын айланасын королоого, балдар ойноочу жайын жана балдарга ынгайлуу шарт түзүүгө керектелүүчү курулуштарды күрүү үчүн 2726,7 мин сом акча каражаты жергиликтуу бюджеттен түзүлгөн долбоордун негизинде бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев