Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 21
“Нур Чаткал ”ЖЧКсына жер иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Каныш-Кыя ”участкасындагы 45,49 га жер аянтына ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Нур Чаткал” ЖЧКсына чачыранды алтынды иштетүү үчүн 2026-жылдын 24-январына чейин иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2017-жылдын 24-январындагы №5204 АЕ лицензиясынын жана №1 лицензиялык макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексине” жана “Жер казынасы” жөнүндөгү мыйзамына ылайык аталган жерлерди “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жай,транспорт,байланыш,коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук беруу боюнча Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык аймагына караштуу “Каныш-Кыя ” участкасынан 45,49 га жер аянтын “Нур Чаткал ” ЖЧКсына чачыранды алтынды 2026-жылдын 24-январына чейин иштетүү максатында аталган жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай,транспорт,байланыш,коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга түзүлгөн комиссиянын чечими менен макулдук берилсин.
2. “Нур Чаткал ” ЖЧКсына төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Каныш-Кыя айыл аймагына 45,49 га жер аянтына алынбай калган пайданын ордуна толтурууну төлөп берүүсү жана арендалык келишим түзүү жагы.
- Кен иштетүү иштери бүткөндөн кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү (рекультивация) иштерин жүргүзүү.
- Жергиликтүү калк менен коомдук угуу өткөрүп, соц пакет кабыл алуусу.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |