Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 2
Аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы Башкы-Терек айылынын жалпы тургундарынын айылдын көчөлөрүнө ысым берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Башкы-Терек айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Башкы-Терек айылындагы Арал көчөсүнө Дозонов Сатылгандын,Ак-Тилек көчөсүнө Жолдошев Эргешбайдын,Топ-Терек көчөсүнө Таштанбаев Салимбайдын ысымдары ыйгарылсын.
3. Көчөгө ысымы берилген жарандардын атын жазып,номерлерин илүү менен көчөнүн көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу алардын уул-кыздарына,туугандарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |