Редакцияот 20.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 20-апрели № 3

Аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы Коргон-Сай айылынын жалпы тургундарынын айылдын көчөлөрүнө ысым берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Коргон-Сай айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынынын токтому бекитилсин.

2. Коргон-Сай айылындагы көчөлөргө Сариев Токторбайдын,Абдыкеримов Ашыркулдун,Атабаев Токтоматтын,Иманбеков Дөөлөттүн ысымдары ыйгарылсын.

3. Көчөгө ысымы берилген жарандардын атын жазып,номерлерин илүү менен көчөнүн көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу алардын уул-кыздарына,туугандарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев