Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 5
Аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы Айгыр-Жал айылынын жалпы тургундарынын айылдын көчөлөрүнө ысым берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Айгыр-Жал айылындагы көчөлөргө
-Кара-Суу участкасындагы 1-көчөгө Исаков Эргештин,
-Кара-Суу участкасындагы 2-көчөгө Сатыбалдиев Умардын,
-Мектептин жанындагы көчөгө Бейшенбаев Жунусбектин,
-Ынтымак жамаатынын 1-көчөсүнө Субаналиев Абдинин,
- Ынтымак жамаатынын 2-көчөсүнө Мырзагулов Ормонхандын
-Ногой жамаатынын 1-көчөсүнө Барпы Рысбаевдин
-Ногой жамаатынын 2-көчөсүнө Коёш уулу Кенжебайдын
-Жаны-Кыштак жамаатынын 3-көчөсүнө Абдыраманов Конокбайдын
-Жаны-Кыштак жамаатынын 2-көчөсүнө Ашырбеков Ыманбектин
-№6 ГСВнын жайгашкан көчөсүнө Эшикулов Асанбектин
-Үстүңкү айылдын жамаатындагы көчөгө Кулумбетов Кудайбердинин ысымдары ыйгарылсын.
3. Көчөгө ысымы берилген жарандардын атын жазып,номерлерин илүү менен көчөнүн көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу алардын уул-кыздарына,туугандарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |