Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 7
Жер маселелерин жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын берген сунушуна ылайык Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын укуктук ченемдик актысынын 3- бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын укуктук ченемдик актысына ылайык жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн Каныш-Кыя айыл аймагындагы комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилсин.(комиссиянын курамы тиркелет).
2. Түзүлгөн комиссияга мыйзамга ылайык функцияларын аткаруу тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |