Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 6
Жыйымдар бөлүмүнүн адисине ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишим түзүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин Чаткал райондук салык кызматынын жыйымдар бөлүмүнүн адисине айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишим түзүү жөнүндө берген маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук салык кызматынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Каныш-Кыя айыл аймагына келишим түзүү сунушталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,укук тартиби,этика жана жаратылышты коргоо,экология боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилдсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |