Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 8
Каныш-Кыя айыл аймагынын жашоочуларына соода сатык үчүн аукцион аркылуу жер берүүдө алгачкы баасын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагында жеке ишкерлерге соода сатык үчүн айыл чарбасына тиешелүү эмес жерлерди аукцион аркылуу берүүгө жердин алгачкы баасын аныктоо боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын сунушун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагында жеке ишкерлерге соода сатык үчүн айыл чарбасына тиешелүү эмес жерлерди аукцион аркылуу берүүдө жердин алгачкы баасы 1 м2 жерге 50 сомдон бекитилсин.
2. Бекитилген баанын негизинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагында жер маселелерин жөнгө салуу боюнча 20.04.2017-жылдагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VI сессиясынын №8 токтому менен бекитилген комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |