КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 3
Зыян келтирген малдарга айып пул салуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын 18.04.2017-жылдагы №28 токтомуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагындагы көп жылдык чөптөргө, эгин аянттарына түшкөн малдарга айып салуу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын 18.04.2017-жылдагы №28 токтомуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагындагы көп жылдык чөптөргө, эгин аянттарына түшкөн малдарга айып салуу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда көп жылдык чөптөргө,эгин аянттарына түшкөн малдарга ар бир айылдын тургундары менен өткөрүлгөн чогулуштарында кабыл алынган токтомдору бекитилсин жана токтомго ылайык айып салынары белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл чарбасы боюнча башкы адиси К.Осмонбековго милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |