КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 4
Чакмак-Суу айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Чакмак-Суу айылынын тургундарынын таза суу чыгарууга кошумча акча каражат сураган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, бул маселе боюнча мурунку сессияда эле каражат бөлүнгөндүгүн белгилеп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чакмак-Суу айылынын тургундарынын таза суу чыгарууга кошумча акча каражат сураган кайрылуусу боюнча мурдагы сессияда эле каражат бөлүнгөндүгү эске алынсын.
2. Айрым такталбаган маселелер болсо кийинки сессияда тактап маалымат берүү жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары А.Кудайкуловго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |