Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 5
Айгыр-Жал айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Айгыр-Жал айылынын Чапаев участкасынын тургундарынын мечит салуу боюнча курулуш материалдарын алып берүүнү суранган кайрылуусун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасынын тургундарынын мечит салуу боюнча кайрылуусу Каныш-Кыя айыл аймагына жөнөтүлсүн.
2. Кайрылууну карап чыгып ,айыл тургундары жана тиешелуу адистер менен чечип, айылдык кенешке маалымат берүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттедирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары А.Кудайкуловго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |