Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 6
Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Каныш-Кыя айылынын Маданият жана Жер-Капчыгай участкаларынын тургундарынын бала бакча куруу боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын Маданият жана Жер-Капчыгай участкаларынын тургундарынын бала бакча куруу боюнча кайрылуусу айылдык Кенеште талкууга алынгандыгы белгиленсин.
2. Жаны курула турган бала бакча Жер –Капчыгай участкасына курууга уруксат берилсин. Мыйзамдуу жер аянтын тактап,тиешелуу документтерин бүткөрүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |