Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 7
Көл жайытына баруучу жолдун бүтпөй жаткандыгы жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Каныш-Кыя айылынын тургундарынын Көл жайытына баруучу жолдун толук бүтпөй жаткандыгына байланыштуу кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын тургундарынын Көл жайытына баруучу жолдун толук бүтпөй жаткандыгына байланыштуу кайрылган кайрылуусу эске алынсын.
2. Көл жайытына баруучу жолдун бүтпөй жаткан себептерин жеринде карап чыгып кийинки сессияда толук маалымат берүү жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Кудайкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Бегалиев |