Редакцияот 09.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2017-жылдын 9-июну № 8

Ысым ыйгаруу боюнча кайрылууларды кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Каныш-Кыя айылынын тургундарынын ички көчөлөргө , балдар музыкалык мектебине жана көпүрөгө белгилүү инсандардын ысымын ыйгаруу боюнча кайрылууларын карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айылынын тургундарынын ички көчөлөргө, балдар музыкалык мектебине жана көпүрөгө белгилуу инсандардын ысымын ыйгаруу боюнча кайрылуулары 2018-жылдын 1-январына чейин токтотулгандыгы эске алынсын.

2. Кайрылууларга мыйзамга ылайык ат коюу иштери КР Президентин шайлоо өткөнгө чейин убактылуу токтотулгандыгы боюнча маалымат берүү жооптуу катчы Г.Ибраевага тапшырылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев