Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 9
Каныш-Кыя айылына жаңы жасалган арканы коюуга жер тактап берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Каныш-Кыя айылына жаңы жасалган арканы коюу боюнча жерди тактап берүү үчүн кайрылган Каныш-Кыя айыл аймагынын кайрылуусун карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылына жаңы жасалган арканы коюу үчүн жерди тактап берүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Арка коюучу жерди тактап, ынгайлуу жерге коюу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына жана мыйзамдуулук,укук тартиби жана экология , этика боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А.Кудайкуловго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |