Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 10
Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүүчү мектебинин 2-корпусунун жылытуу системасын оңдоого каражат бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Айгыр-Жал айылынын Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүү мектебинин директору Б.Эшикуловдун кайрылуусун карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүү мектебинин директору Б.Эшикуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Түзүлгөн сметага ылайык мектептин 2-корпусун жылытуу системасын ондоп түзөө үчүн 53 600(элүү үч миң алты жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |