КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 11
2018-2019-2020-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевдин 2018-2019-2020-жылдарга карата Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча түзүлгөн долбоору төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
2018-жылга карата 53991,5 мин сом
2019-жылга карата 57145,0 мин сом
2020-жылга карата 60698,1 мин сом .
2. Каныш-Кыя айылдык аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бекитилген киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча түзүлгөн долбоору боюнча иш алып баруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |