Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу № 1
Чаткал райондук оорукансынын стоматология бөлүмүнүн ремонту үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Чаткал райондук ооруканасынын стоматология бөлүмүн ремонттон өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражат сурап кайрылган А.Казматовдун кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук ооруканасынын стоматология бөлүмүн ремонттон өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражат сураган А.Казматовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен түзүлгөн сметага ылайык акча каражатын чечип берүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |