Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу № 2
Боо-Терек айыл өкмөтүнө Жери казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын кезектеги XХIX – сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнө Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан 14151200 эсептик счеттон келип түшкөн 161447 сом акча каражатынан Боо-Терек айыл аймагындагы Д.Дуйшебаев атындагы орто мектебинин аянтына жаңы 150 орундук типтүү мектептин имаратын куруу үчүн дренаж казуу иштерин жүргүзүүнүн сметасына 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жана калган 11447 сомду АУПнын 2215 статьясына бөлүп берүү боюнча карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнөЖер казынасын пвйдалануу укугуна лицензиядан 14151200 эсептик счеттон келип түшкөн 161447 сом акча каражатынан Боо-Терек айыл аймагындагы Д.Дуйшебаев атындагы орто мектебинин аянтына жаңы 150 орундук типтүү мектептин имаратын куруу үчүн дренаж казуу иштерин жүргүзүүнүн сметасына 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин жана калган 11447 (он бир миң төрт жүз кырк жети )сом акча каражаты АУПнын 2215 статьясына бөлүнсүн
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага У. Андакулов