Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 89
Айыл аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын кышка карата даярдыгынын жүрүшү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу 5 орто, 2 башталгыч мектеби электр энергиясы менен жана 1 орто мектеп көмүр жана электр энегиясы менен, 5 бала бакчанын ичинен 1 бала бакча от менен жылытуу, калгандары электр энергиясы менен иштейт. Азыркы мезгилде Салаев орто мектебине 30 тонна,Дилдайым-апа балдар бакчасына 20 тонна жалпы 50 тонна көмүр түшүрүлгөн.Бүгүнкү күндө мектеп, балдар бакчалар үчүн тендер өткөрүлүп 15 тоона көмүргө акча каражаты которулган , бирок жеткирилип бериле элек, Салаев орто мектебине 10 тонна, Дүйшеев башталгыч мектебине 2 тонна, Сатинбү апа балдар бакчасына 1 тонна, Саргата клубуна 1 тонна. Ар бир мектепте электр энергиясын бөлүштүрүп берүүчү трансформаторлор май менен камсыз болгон. Электр жылыткычтары кышка карата даяр. Жогорудагы Үч-Терек айыл аймагында мектептердин жана балдар бакчаларынын кышка карата даярдык иштеринин жүрүшү жөнүндө соц.маселелер боюнча комиссиясынын төрайымы Ж.Калманбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айлдык кеӊештин кезектеги ХХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчалардын жана мектептердин кышка карата даярдыктары даяр экендиги белгиленсин.
2. Мектептерде, балдар бакчаларында электр энергиясынын күнүмдүк пайдалануу лимиттеринин графиктин негизинде аткарылышын жана 2019-жылдагы электр энергиясынын үзгүлтүксүз иштешин, туура колдонулушун көзөмөлдөө жагы агы мектептердин директорлоруна, бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилсин.
3. Мектептерде, балдар бакчаларда электр энергиясынын каникул мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана лимиттен ашыкча пайдаланбоо, өрт коопсуздугун сактоо жагы мектептердин, балдар бакчалардын директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |