Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 90
№ 30 Жол тейлөө ишканасынын Үч-Терек-Өзгөрүш участкасынын жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери жана кышкакарата даярдыгы жөнүндө
Токтогул районуна караштуу Үч-Терек, Өзгөрүш, Ничке-Сай айыл өкмөттөрүн байланыштырыптурган жол Кыргыз РеспубликасынынТранспорт жана жол министрлигинин балансында турат. Аталган жолдорду Кара-Көл шаарынын ДЭП-30мекемеси тейлеп келет.Үч-Терек, Өзгөрүш жолунун 8 км.нен 9 км чейинки аралыгын асфальттоо иштери 2018-жылы жол транспорт министрлигинин титулдукбаракчасына кирген. Бүгүнкү күндө Үч-Терек, Өзгөрүшжолунун бул аралыктарыжасалган эмес. Учурда Үч-Терек, Өзгөрүшжолунунремонту оор акыбалда.
Ошондуктанжогоруда аталган каттамдагы жолдордун 0 км нен 5 км не чейинки аралыгынын жол тешиктерин толтуруп үстүнөн шпо бастыруу, 8 км. нен 11км не чейинки аралыгын жаңы асфальттоо үчүн 2019-жылдынтитулдук баракчасына киргизип берүүгөКРПремьер Министрине кайрылуу жасоо иши пландалды.
№30 Жол тейлөө ишканасынын жыл ичиндеги жүргүзүлгөн иштери жана кышка карата даярдыгы жөнүндө № 30 Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Исрайилов Жумабайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ДЭП№30 ишканасынын жетекчиси Сейталиев Эдилдин жолдорду оңдоо түзөө иштери боюнча 2018-жыл ичинде аткарган иши канааттаныраарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине ДЭП№30 ишканасынын жетекчиси Сейталиев Эдилдин ишин кароо боюнча кайрылуу жолдонсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kgсайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |