Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 91
Күзгү оруп жыюу иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагында күзгү оруп жыйуу иштеринин жыйынтыгыжөнүндө К.Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезектеги ХХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн күзгү оруп жыюудагы иштери «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Техникаларды жабдуу жана инвестиция тартуу багытында иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө коомдук башталыштагы төраганын орун басары Ж.Тойтиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |