Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 92
Үч-Терек айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасы жана депутаттардын алмашылгандыгына байланыштуу Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук башталыштагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин.
2.Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
1. Сулайманов Узакбек
2. Сейдалиева Жаркынай
3. Качкынбаева Перизаткан
4. Маматсаев Акылбек
5. Кулманбетов Зыпарбек
6 Султанкулова Нурийлакан
7.Калматов Нурбек
3.Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиянын курамы.
1.Ажыкулов Байыш
2.Ибраимов Бектурсун
3.Мамбеткулов Замирбек
4.Көөбашов Майрамбек
5.Калыгулов Ырысбек
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |