Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 93
Афган согушунун катышуучуларына “Бул уйдө Афган согушунун ардагери жашайт”деген көрнөктөрдү илүү жөнүндө
Токтогул районунун Афган согушунун ардагерлер коомунун төрагасы А.Койчукеевдин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 48 катындагы Үч-Терек айыл аймагындагы жашаган Афган согушунун катышуучуларына “Бул уйдө Афган согушунун ардагери жашайт”деген көрнөктү жашаган үйлөрүнө илүү жөнүндөгү кайрылуусу боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын тургундары Афган согушунун ардагерлери Жолдошалиев Толубай, Кожомбердиев Болотбек, Кыдырбаев Урустам, Чормошов Шаршен, Ызаков Акылбектердин үйлөрүнө “Бул үйдө Афган согушунун ардагери жашайт” деген көрнөктөр илинсин.
2. Көрнөктөрдү жасатып илдирүү үчүн акча каражатын карап берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин
3. Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык төлөмдөргө анын ичинен сууга, таштандыга болгон төлөмдөрүнө жеңилдик берилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |