Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 94
Үч-Терек айылынын Мастерской участкасындагыА.Жээналиев көчөсүнүн акыркы № 78 үйүнөн кийинки үйдөн баштап көчөгө согуштун ардагери маркум Кожомбердиев Макейдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кожомбердиев Макей 1919-жылы Токтогул районуна караштуу Кызыл-Ураан айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган, улуту кыргыз,билими жогорку.
Окуучулук кези Тельман айылындагы мектеп интернатында өткөн . 1939-жылы Советтик Армиянын катарына аскердик кызмат өтөөгө чакырылган,Молдавия Республикасынын Кагул шаарында аскердик кызматын өтөйт.1941- жылы демоблизацияланууга туура келген учурда Улуу Ата Мекендик согуш башталып ага биринчи күндөн баштап катышкан. Түштүк Украина согушундагы Чапаев атындагы 25- дивизиянын жоокерлери Баатыр Одесса шаарын коргоодо катардагы жоокер, снайперчи болуп катышып кан жанын аябай душмандар менен салгылашып,1942-жылы ок тийип катуу жарадар болгондуктан айылына аргасыз кайтып келген.
1943-жылдан 1947-жылга чейин Үч-Терек райондук фискультура жана спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген.1948–жылдан 1956-жылга чейин Кызыл-Ураан айылдык мектебинде орус тили боюнча мугалим болуп иштеген.1956-жылдан 1999-жылга чейин Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы мектепте география мугалими болуп эмгектенген. Мамлекеттик сыйлыктары «Данк»,« За отвагу»,
«Эмгек Кызыл-Туу»Ардак белгиси жана башка жалпы 17 ордендер, медалдарды менен сыйланган.
Үч-Терек айылынын Мастерской участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Үч-Терек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Калманбетованын сунушун карап жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын Мастерской участкасындагы Жээналиев көчөсүнүн акыркы № 78 үйүнөн кийинки үйдөн баштап батыш көчөнүн аягына чейин согуштун ардагери, маркум Кожомбердиев Макейдин ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнүн үйлөрүнө үй номерлерин ирээти менен илүү, көчөнүн тазалыгына көңүл бөлүү, жарыктандыруу жана жолдорун оңдоп түзөө жумуштарын көзөмөлгө алып жыл сайын аткарып туруу жагы уулу Кожомбердиев Мирланга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин соц.маселелер боюнча комиссиясынын төрайымы Ж.Калманбетовага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |