Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-августу № 70
Айыл аймактын жер фондусун тактоо боюнча жумушчу топтун жыйынтык материалдарын бекитип берүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагынын жер фондусун тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиясынын) материалдарын карап чыгып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын жер фондусун тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары бекитилсин.
2. Жер фондусунун план материалдарын мындан ары түзүүдө жана тиешелүү маселелерде колдонууну уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн жер.адиси С.Шабдановго жүктөлсүн.
3. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоонун жыйынтыктарын бекитип берүү суралсын.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |