Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2018-жылдын 13-сентябры № 74
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2018-жылга карата атайын фондон бөлүнүп түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2018-жылы кошумча киреше катарында атайын фондон тушкөн акча каражаттарынын келип түшкөндүгү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнө 2018-жылда атайын фонддон түшкөн акча каражатынан ХОВА үлгүсүндөгү атайын техника сатып алууга – 900 000 (тогуз жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |