Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2018-жылдын 01-октябры № 75
Токтогул шаарындагы участкалык шайлоо комиссиялардын курамындагы жана резервине жамааттардын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерди сунуштоо боюнча
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү» жобонун талаптарынын жана КР БШК Токтогул аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү А.Исманалиевдин 10.08.2018-жылдагы №31 катынын негизинде, Ничке-Сай айыл аймагынын шайлоочулардын жана башка уюмдардын чогулуштарынын жайынтыгында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөе талапкерлер Ничке-Сай айылдык кеңешинде катоого алынган.
Алардын арыздарын жана башка документтерин карап жана талкуулап, Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына төмөндө көрсөтүлгөн сандагы жашоочулардын талапкерлиги тиркемеге ылайык сунушталсын:
1) № 2240 Чоргочу шайлоо участогунан – 11 талапкер
2) № 2241 Ничке шайлоо участогунан - 14 талапкер
1. Сунушталган талапкерлердин документтерин Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү Ничке-Сай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.М.Чондолоевага милдеттендирилсин.
2. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |