Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2018-жылдын 23-ноябры № 77
Айыл аймагындагы медицина мекемелеринин жүргүзгөн иштери, калкты медицина жактан тейлөөнүн сапаты жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагындагы медицина мекемелеринин жүргүзгөн иштери, калкты медицина жактан тейлөөнүн сапаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Талипова Аятканыдын маалыматтын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагындагы медицина мекемелеринин жүргүзгөн иштери, калкты медицина жактан тейлөөнүн сапаты боюнча 2018-жылында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |