Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2018-жылдын 23-ноябры № 80
Ничке-Сай айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун оңдоо, түзөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун оңдоо, түзөө иштерин жүргүзүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Тиленбай-Ата көчөсүнөн 1630 м аралыгын, Камчыбек-Ата көчөсүнөн 1050 м аралыгын, Ч.Жүдөмүшов көчөсүнөн 1235 м аралыгын, жалпы айыл аймагы боюнча 3915 м аралыктагы ички чарбалык жолдордо оңдоо, түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Ничке-Сай айыл аймагынын ички жолдорун оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |