Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2018-жылдын 05-декабры № 83
Айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-181/26 буйругун аткарууга алып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө жобону иштеп чыгып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиялары тууралуу Типтүү жобосу бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |