Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2018-жылдын 05-декабры № 84
Айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-181/26 буйругунун негизинде Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы 5 адамдан бекитилсин:
Үтүров Ч.З - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
Чондолоева Г.М. – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,комиссиянын катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
Талипова А.О. - айылдык кеңештин депутаты
Бөкөшов Ө.С. - айыл өкмөтүнүн экономист статисти
Тыналиев С.С. - айыл өкмөтүнүн айыл башчысы
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобонун негизинде иш алып барышсын жана аткарган иштери туралуу жылда айылдык кеңештин алдында отчет беришсин.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |